www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш туруп сакал койгондор, дамбал, узун көйнөк кийген эркектер, паранжы же хижаб жамынган кыз-келиндер көзгө кандай комсоо көрүнөт? Өзгөчө акыркы кезде ушундай самтыраган, кыргыздын улуттук баалуулуктарына шайкеш келбеген образдардын ачылып баратканы өкүнүчтүү. Бийлик тез арада мыйзамыбызда көрсөтүлгөн светтик жашообузга адашкандарды бурбаса, аягы тынчсызданууга алып барат.

Диндеги радикалдуулуктун жеткен чеги – үстү-башындагы арабдашуу кийими, апсыйган сакалдары менен үрөй учурууда, туурабы? Алыстан мисал кылбайлы, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда заманбап, же улуттук жасалгада кийинүү сыймыкка айланган. Алар сакалчандарды кырдырат, чүмкөнүп алгандарды сыйрыйт го?

Себеби - мамлекетте тартип бар. Экстремизм, терроризмге каршы айыгышкан күрөш уюштурат. Тымызын козуган диний уюмдарга, радикалдык кадамдарга чек коюлган. Элдин тынчтыгы менен коопсуздугу биринчи орунда.

Ал эми биздечи? Ооганстандагы бийликти талибдер алгандан бери Кыргызстанда кандайдыр бир деңгээлде исламчылардын кыймыл-аракеттери жанданып, үргүлөп жүргөн катмарлар ойгонуп, көчөлөрдө улуттук өзгөчөлүккө жат келген көрүнүштөргө күбө болуудабыз. Илим-билимге умтулган жаштарыбыз корко баштаганы талкууга алынууда.

Башкасын айтпасак да, узун көйнөк кийген эркектер, сакалчандар сүр жаратып, көбөйүп баратса, эртең булардын амбициялары менен диний талаптарын тизгиндей албай калсакчы? Албетте, олуттуу суроо. Баары майдадан башталат, бийлик азыр көңүл бурбаса, диний радикализмге тыюу салбаса, эртең мамлекетибизди тарттырып жиберүү коркунучу бар. Андыктан, арканды алыс ыргыталы. Эртелеп эсибизге келели!

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Последние новости