www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран өкмөтү терроризмди колдогон жана адам укуктарын бузганы үчүн АКШнын тогуз жаранын санкциялык тизмеге кошту. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Бул адамдар Иран элине жана өкмөтүнө каршы АКШнын бир тараптуу санкцияларын киргизүүгө, террордук топторду жана террордук актыларды каржылоого жана колдоого, ошондой эле, Израилден эзилген Палестина элине каршы репрессиялык аракеттерине салым кошууга катышкан", — деп айтылат документте.

Тышкы иштер министрлиги ошондой эле "бул аракеттер эл аралык укуктун негизги принциптерин жана негизги адам укуктарын бузуу болуп саналат жана адамзатка каршы кылмыштын жаркын мисалы болуп саналат" деп баса белгиледи.

Маалымат үчүн айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-мартында АКШнын Каржы министрлиги Ирандагы бир жеке жана төрт юридикалык жакка санкция киргизгенин билдирген. Чектөөлөр АКШнын өзөктүк куралдарды жайылтпоо мыйзамдарына негизделген.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости