www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-апрелде, YouTube системасындагы орусиялык «Дума TV» каналын Google жаап салды. Парламенттик каналдын жабылышын сенатор Андрей Клишас “сөз эркиндиги боюнча батыштын версиясы” деп атады. Ал YouTube'дун чечимине нааразы болуп, ал Орусияда мыйзамсыз болуу үчүн "ишенимдүү кадам" жасап жататат деп айтты.

“Дума ТВ"нын YouTube каналына бөгөт коюу боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова да комментарий берди. Ал парламенттик каналды жабуу менен YouTube өзүнүн Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотууга өзү кол коюп жатат деп билдирди.

Захарова орусиялык колдонуучуларды контентти сактап, улуттук платформаларга өткөрүүгө чакырды. Андай ишти ал тезирээк аткарууну суранды. “Дума TV" YouTube каналында депутаттардын ишмердүүлүгүн, автордук программаларын жана пленардык жыйындарды түз көрсөтүп келген. Жалпысынан, бөгөттөлгөн YouTube каналга 145 000 миң адам катталган болсо, андагы видеолор жалпысынан 100 миллиондон ашык көрүлгөн эле.

Февраль айынын аягынан бери Google Европадагы Russia Today (RT) жана Sputnik каналдарын, андан соң YouTube'дагы бир катар башка каналдарды жаап салган. Апрель айынын башында “Роскомнадзор” Google компаниясынан YouTube сайтындагы орусиялык маалымат каражаттарын чектөөнү токтотууну талап кылган. Мекеменин маалыматына караганда, хостинг орусиялык маалымат каражаттарынын жана коомдук ишмерлердин 54 каналына чектөө койгон.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости