www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туунун абалы

Борбордук Ала-Тоо аянтындан мамлекеттик туу айрылып калды. Бул тууралуу окурмандар билдирди.

Эске сала кетсек, Ала-Тоо аянтындагы желектин туурасы 10 метр, узуну 15 метр. Флагштоктун бийиктиги 45 метрди түзөт. Даярдоодо панелдин баасы 20 миң доллар сарпталат. Буга чейин бийиктиги 18 метр болсо, 2009-жылы 45 метрге алмаштырылган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Желек кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган.

Күндөй тегеректин ичинде кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу.  

Авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости