www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен эмнеге таң калам? Бир да партия улуттук дөөлөттөр жөнүндө: расмий тил, паспортко "кыргызды" кийирүү жөнүндө сөз кылбайт. Мындай пикирин ОшМУнун профессору Сактанбай Момуналиев Фейсбук баракчасына жазды.
"Мен эмнеге таң калам? Бир да партия улуттук дөөлөттөр жөнүндө: расмий тил, паспортко " кыргызды" кийирүү жөнүндө сөз кылбайт. Раимкул Аттокуров деген " Россияга кошулуу маселеси талкууланып жатат деп" Биримдиктин" идеясын айтып жатат. Анткени Евразия деген - Россияны бир боор энем дегендердин үнү. Биздин бийлик дайым Москваны карап сыйынып келген. Ал традицияны бузган БАКСтын тагдыры андан кийинкилерге сабак болду. АША, кийинкилер деле өз жанын сактоо менен алек. Шайлоодон кийин Лукащенко тизе бүгүп Путинге барып "старший брат" биз бир мамлекетпиз деп Россиянын губернатору болууга макулдук берди. Биз эгемендүүбүз дегенибиз менен Россиянын тизмегиндеги бир район экендигибизди эч ким тана албайт. Ошондуктан түрк тилдүү элдердин баары латын арибине өттү. Биз ал жөнүндө айткандарды дароо эле эл душманына айлантып, акмак деп айыптап жатабыз. Демек, Раимкул Аттокуров " Биримдиктин" оюндагысын гана айтып койду. Туугандарым, чындык ушундай!", - деп жазган Сактанбай Момуналиев.
Булак: NazarNews.kg