www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Саламат эже, Москвада өткөн Эриш-аркак жылына арналган иш-чарага катышып келдиңиз. Кыргызстандын эл артисти, маданият кызматкери катары айтсаңыз, кандай руханий таасирлер жаралды?

– Эриш-аркак жылына карата уюштурулган иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Россиянын маданият жана искусство кызматкерлери жылуу кабыл алышты. Россия деген экономикасы, маданияты өнүккөн чоң держава. Ал жерге барып, Кремлдин залында концерт коюу ар кайсыл элдин эле шыбагасына жазыла бербесе керек. Буга чейин 2004-жылы бир жолу барып концерт койгондугубуз эсимде. Анда Кобзондун өзү басып келип, маданият кызматкерлери менен жылуу пикирлешкен. Бирге ырдап көрөлү деген сунуштар айтылган. Орустар маданиятка терең караган эл. 6 миң эл бата турган залда манасыбыз айтылып, обондорубуз созолонуп, комузубуз чалынып, жаш таланттарыбыздын өнөрлөрүн көрсөтүп, туубуздун желбиреп тургандыгы не деген сыймык болду.

– Акыркы кезде сизди ойго салып жүргөн кандай көйгөйлөр бар?

– Кыргыздар руханий дөөлөтү бай элбиз. Руханий дөөлөтүбүздү жетинин бири кыдыр дегенге теңегим келип турат. Мен силерге бир аз таарынычым бар. Москвага барып келгенден бери «Алар кандай кабыл алышты?» деген эле суроолорду берип келесиңер. Элибиздин улуу дөөлөттөрүн келечек муундарга, жаштарга терең сиңирүү боюнча эмне үчүн аракет жасабайсыңар? Учурда жашоого наалыгандар көбөйдү. А биз Кудай деген эл, улуу Манастын урпактары экендигибизди унутуп бараткандайбыз. Биздин элди руханий байлыгыбыз сактап калат. Улуттук касиеттерибизди жаш муундарга терең сиңиришибиз керек.

Суроо салган Расул Базарбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости