www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хорогдо коррупция шеги менен Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Фарид Музаффаров кармалды.

Бадахшан администрациясы жогорку кызматтагы чиновниктин кармалганы жөнүндө маалыматты тастыктады.

“Музаффаров коррупцияга шектелүүдө, анын ишин облустук прокуратура иликтөөдө. Фарид Музаффаров ээлеген кызматынан бошотулду. Тергөө аяктаганга чейин кылмыш ишинин чоо-жайын айта албайбыз”, - деди облустук администрация.

Кеминде үч көз карандысыз булак Фарид Музаффаров 30-ноябрда Хорогдо кармалганын билдирген. Маалыматка караганда, ал жергиликтүү дарыгерге эки кызмат чегерип, “ашык” маянаны бөлүшүп жүргөн.

Кармалган аткаминер адвокат менен камсыздалган-камсыздалбаганы белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости