www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-декабрда Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков журналисттерге маалымат берип, Дөө каймана аты бар кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Жумагуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлдү.

"Ооба, бул кылмыш болгонун мойнубузга алабыз. Учурда ЖАКтын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Мындай фактылар кайталанбашы үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз деп айта алам. Бул өзгөчө кырдаал", - деди ал.

Эске салсак, 30-июлда Чыңгыз Жумагулов СИЗО-1де өлтүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости