www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлигинде Германия, АКШ, Улуу Британия, Россия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана башка мамлекеттерде медицина тармагында иштеп жаткан кыргыз адистери менен онлайн-жолугушуу болуп өттү.
Иш-чара министрдин орун басарлары Бакытбек Кадыралиев жана Темирбек Эркиновдун төрагалыгы алдында уюштурулду.

Жолугушуунун негизги максаты — кесиптик тажрыйба алмашуу, медицинадагы эл аралык практикаларды талкуулоо, кадрларды даярдоо, саламаттык сактоону санариптештирүү жана чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан мекендештердин улуттук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо болду.
Талкуунун жүрүшүндө адистер дүйнөнүн алдыңкы клиникаларындагы иш тажрыйбаларын бөлүшүп, улуттук саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтышты.
