www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылдагы жайкы туристтик сезонго комплекстүү даярдык көрүү иштерин жүргүзүп, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукка, ичүүчү суунун сапатына жана туристтик инфраструктуранын эс алуучуларды кабыл алууга даярдыгына өзгөчө көңүл бурууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Даярдык иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, аймактык санэпидкөзөмөл борборлорунун жана тиешелүү кызматтардын адистери менен биргеликте Чүй жана Ысык-Көл областтарына иш сапарларды жасады.

Мониторингдик иш-чаралар жай мезгилинде туристтердин агымы жогору болгон Кемин, Токмок, Балыкчы шаарларын, ошондой эле Ысык-Көл районун камтыды.

Иш сапарлардын жүрүшүндө жумушчу топтор туристтик объекттердин, пансионаттардын, коомдук тамактануу жайларынын жана негизги туристтик маршруттардын боюндагы инфраструктуранын санитардык абалы менен таанышты. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, ишкерлер жана аймактын тургундары менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Калкты жана туристтерди коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу, коомдук жайлардын, анын ичинде даараткандардын санитардык абалы, тамактануу объекттеринде санитардык талаптардын сакталышы жана инфраструктуранын туристтик сезонго жалпы даярдыгы маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ишкердик субъекттерин текшерүүгө киргизилген мораторийди эске алуу менен иштер профилактикалык мониторинг жана консультациялык жардам көрсөтүү форматында жүргүзүлдү. Саламаттык сактоо министрлигинин адистери санитардык нормаларды сактоо жана калктын саламаттыгына мүмкүн болуучу тобокелдиктердин алдын алуу боюнча сунуштарды беришти.

«Туристтик сезон санитардык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Биз үчүн жарандар жана өлкөнүн коноктору ыңгайлуу жана коопсуз шарттарда эс алышы маанилүү. Ошондуктан бүгүнкү күндө жер-жерлерде профилактикалык жана түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө», — деп белгиледи Гульбара Ишенапысова.

Мындан тышкары, Ош жана Жалал-Абад областтарынын санитардык кызматтары үчүн кеңейтилген кеңешме өткөрүлүп, анда жайкы сезонго даярдык, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана аталган областтардын туристтик аймактарындагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.

Последние новости