www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТО ичинде Украина маселеси боюнча пикир келишпестик жаралды. Альянска мүчө болгон беш өлкө Украинаны колдоо үчүн ИДПнын 0,25 пайызын бөлүү сунушуна каршы чыкты.
Маалыматка ылайык, Марк Рютте көтөргөн демилгени Улуу Британия, Франция, Испания, Италия жана Канада колдогон жок.
“The Telegraph” басылмасы билдиргендей, кеминде жети НАТО өлкөсү бул сунушту колдогону менен, чечим кабыл алуу үчүн бардык мүчөлөрдүн бир добуштан макулдугу талап кылынат.
Учурда Украинага ИДПсынын 0,25 пайызынан көп жардам көрсөткөн өлкөлөрдүн катарына Балтика жана Скандинавия мамлекеттери, ошондой эле Польша менен Нидерланд кирет.
Белгилей кетсек, Владимир Зеленский 2025-жылдын жай айларында Батыш өнөктөштөрүн Украинанын коргонуу тармагын бекемдөө үчүн ушундай көлөмдө каражат бөлүүгө чакырган.
“Politico” басылмасынын маалыматына караганда, Марк Рютте бул маселени 2026-жылдын апрелинде НАТО элчилеринин жабык жыйынында дагы талкууга чыгарган. Эгер сунуш кабыл алынганда, Украинага жылдык каржылык жардам үч эсеге көбөйүп, 143 миллиард долларга жетмек.