www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-майда Душанбе шаарында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Тажикстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Тажикстандын Айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда эки өлкөнүн Мамлекет башчыларынын 2025-жылдагы өз ара мамлекеттик сапарларынын жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда айыл чарба тармагында жетишилген өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, жакында эле өткөрүлгөн эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумунда кол коюлган документтердин ишке ашырылышы, жалпы бул тармакта эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтердин ишке ашырылышы сүйлөшүлдү.
Айыл чарба тармагында кол коюлган макулдашууларды жана протоколдорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен “Жол картаны” иштеп чыгуу каралды. Бул биргелешкен иштерди системалаштырууга, конкреттүү иш-чараларды, аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрүн, жооптуу структураларды аныктоого, ошондой эле практикалык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Жолугушууда ветеринардык жана фитосанитардык маселелери, мал жана балык чарбачылыгы, өсүмдүктөр жана илимий-техникалык жана үрөөнчүлүк багыттары сыяктуу айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланып, эки мамлекеттин тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу макулдашылды.