www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Кемин районундагы мал базарда жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында кулагында биркасы жана коштоочу документтери жок 20га жакын мал базарга киргизилбей, артка кайтарылды.

Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мухамед Дуванаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 24-майында Кемин районундагы мал базарда көзөмөл иштери жүргүзүлүп, базарга чыгарылган малдардын кулак биркалары, коштоочу документтери жана чиптери текшерилди. Ошондой эле базардын ветеринардык-санитардык абалы көзөмөлгө алынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө базарга чыгарылган бодо малдын 30 пайызында, ал эми кой-эчкинин 60 пайызында тиешелүү биркалар жана коштоочу документтер жок экени аныкталган.

Адистердин маалыматына караганда, Кеминдеги мал базарга Чүй облусунан тышкары Нарын жана Ысык-Көл облустарынан да мал алып келинет. Учурда базарга болжол менен 1000 баш жылкы, 1000ге жакын бодо мал жана 3000ден ашык кой-эчки чыгарылган.

Ветеринардык кызмат базардын санитардык абалы талаптарга жооп берерин белгиледи. Ошол эле учурда тиешелүү документтери жок малдарды базарга киргизүүгө тыюу салынары эскертилди.

Мындан тышкары, мындай күтүүсүз мониторингдер республикадагы бардык мал базарларда улантылары маалымдалды.

Последние новости