www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 11-мартында КР Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жарандарды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө министрге 12 жаран ар кандай суроолор жана сунуштар менен кайрылышты.

Кайрылуулардын көпчүлүгү дарыланууга жардам көрсөтүү жана медициналык кызматтарды алууга көмөк көрсөтүү маселелерине байланыштуу болду. Ошондой эле айрым жарандар жеке менчик клиникаларда көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапатына нааразычылыгын билдирип, тиешелүү чараларды көрүүнү өтүнүштү.

Мындан тышкары, бейтаптарды Түркия Республикасында дарыланууга бөлүнгөн квотага киргизүү маселелери да көтөрүлдү.

Кабыл алуунун жүрүшүндө «Жети дубандын Баатыр энелери» коомдук бирикмесинин төрайымы да саламаттык сактоо системасындагы айрым көйгөйлөргө байланыштуу бир катар маселелерди айтып, өз сунуштарын берди.

Кабыл алуунун жыйынтыгында министр Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү бөлүмдөрүнө жана тиешелүү медициналык мекемелердин жетекчилерине келип түшкөн кайрылууларды кылдат карап чыгып, аларды чечүү боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Последние новости