www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги Башкы прокуратуранын гемодиализ үчүн каза болгон жана чет өлкөдө жүргөн бейтаптарга төлөм жүргүзүлгөн учурлар тууралуу маалыматына комментарий берди.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, алар жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларынын алкагында укук коргоо органдарына толук көмөк көрсөтүп, мүмкүн болгон зарыл маалыматтарды берип жатышат.

«Министрлик медициналык жардамдын жогорку сапатын камсыз кылууну, бюджеттик каражаттардын ачык-айкын жана натыйжалуу пайдаланылышын, ошондой эле мыйзам талаптарынын сакталышын  колдойт», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мамлекеттин эсебинен 4714 бейтап гемодиализ алары маалымдалды. Процедура жумасына үч жолу өткөрүлөт, бир сеанстын баасы 6500 сомду түзөт.

Бейтаптар программага медициналык көрсөтмөлөр боюнча киргизилет. Атайын комиссия жума сайын 15тен 25ке чейин кайрылууну карап чыгат. Мекеме учурда бюджеттик гемодиализге кезек жок экенин айтты.

Комиссия жактыргандан кийин бейтап маалымат базасына киргизилерин жана орун болгон шартта каалаган медициналык борбордон дарылана аларын кошумчалашты министрликтен.

Последние новости