www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УТРКнын “Телекүзөт” берүүсүнүн редакторуна карата жасалган кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) менен иш катталып, тергөө башталган.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал 1995-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран экени такталып, кармалган.

Шектүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Последние новости