www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-январдан 15-январга чейин Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө алты жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калды. 11-январда төрөт учурунда 19 жаштагы келин каза болгон. Эки учурда тең Саламаттык сактоо министрлиги комиссия түзүп, иликтөө жүргүзгөн.

— Комиссия иликтөөдөн кандай жыйынтык чыгарды? – деп сурашты “Кабар” агенттигинин журналисттери Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатыровадан.

"Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон окуя абдан өкүнүчтүү жана резонанстуу окуя. Бул трагедия төрөт үйүндө бардык керектүү медициналык жабдыктар бар, дары-дармектер менен толук камсыз болгонуна карабастан болгон. Эксперттик топтун корутундусуна ылайык, төрөт үйүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери өз милдеттерине жоопкерсиздик менен мамиле кылышкан», - деп жооп берди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.

"Эне 9 айдан бери баласын көтөрүп, анын төрөлүшүн чыдамсыздык менен күтөт. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын өлүмү ата-энелер үчүн чоң кайгы. Буга байланыштуу Республикалык комиссиянын жеринен тышкаркы отурумунун жыйынтыгында Перинаталдык өлүмдү кыскартуу боюнча бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду, калгандары сөгүш алышты. Ал эми комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Чүй облусунда төрөт учурундагы аялдын өлүмү боюнча тиешелүү тыянак чыгарылат», - деп билдирди Баатырова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости