www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогонун кабарлады. Билдирмеге  караганда, 2017-жылдын июнь айында министрлик Эне жана баданы коргоо улуттук борбордун алдындагы перинаталдык борбордун имаратын кеңейтүү иштерин аткаруу үчүн сынак жарыялаган. «Текшерүүнүн жыйынтыгына  караганда, жеңүүчү деп «Э.С.С.» ЖЧКсы табылган.

Ал эми калган компаниялар сынактын талабы боюнча документациясы туура келген эмес деген жүйө менен четтетилген»,—деп айтылат билдирүүдө.

Анткени менен аталган сынакка катышып, жеңүүчү компаниядан азыраак каражат талап кылган ишкана анын документтери талапка толук жооп бергенин айтып чыккан. «Буга карабай министрлик өкүлдөрү кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, «Э.С.С» ишканасын жеңүүчү атаган.

Мунун жыйынтыгында мамлекет ири суммадагы материалдык чыгым тарткан»,—деп түшүндүрүштү Башкы прокуратурадан. Аталган факты боюнча министрлик кызматкерлерине КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренелери (КРдин кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) менен кылмыш иши козголду.

Булак: Де-факто

Последние новости