www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлиги күнүнө эки-үч ирет өлкөдөгү кырдаал, байтаптардын абалы тууралуу маалымат берди.
-- "Кыргызстанда эки дарыгер жана медайым коронавирус жуктурду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйын учурунда билдирди.
Белгилей кетсек, 26-марты саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:
⚡ Ош облусунда – 20 учур,
⚡ Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
⚡ Бишкек ш. – 3 учур,
⚡ Чүй облусунда – 1 учур,
⚡ Баткен облусунда – 1 учур.
Эске сала кетсек, 25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылган.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.
Булак: NazarNews.kg