www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаев дарылануу үчүн Германияга учуп кетти деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен журналисттерге кабарлашты.
Эки чиновник тең Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында экендиги аныкталган.
"Министр пневмония диагнозу менен жана анын орун басары коронавирус оорусу менен экөө тең жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Өлкөдөн чыгып кеткен жок", - деп билдирүүдө.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Сабиржан Абдикаримов жана Нурболот Үсөнбаев чет өлкөгө дарыланууга кеткендиги тууралуу маалыматтар пайда болгон.
Булак: NazarNews.kg