www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-июлга караган түнү саламаттыкты сактоо министринин мурунку орун басары, өлкөнүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун биринчи директору, Саламаттыкты сактоо мектептеринин улуттук координатору Бейшекан Калиева көз жумду. Бул тууралуу Елена Баялинова жазып чыкты.
Анын айтымында, Бейшекан Калиева Республикалык инфекциялык ооруканада пневмония илдетинен дарыланып жаткан.
Бейшекан Калиева 1948-жылы 15-январда Токмок шаарында төрөлгөн. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Кийинки үч жылда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Стрельниково айылында аймактык дарыгер болуп иштеген.
1980-1985-жылдары Монголия Республикасынын саламаттыкты сактоонун башкы дарыгери болгон, кайтып келгенден кийин - алгач Чүй облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары, ал эми 1989-1994-жылдары ушул эле оорукананын башкы дарыгери;
Бир нече жолу Аламүдүн жана Чүй облустук кеңештеринин депутаты болуп шайланган;
1992-жылы ага "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун отличниги" наамы, 1994-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери" наамы берилген;
1994-жылы саламаттыкты сактоо министринин орун басары;
1996-1998-жылдары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун биринчи директору;
Калиева Бейшекан Алмалиевна дүйнөсү бай, кесибин сүйгөн, камкор аял жана мээримдүү эне эле. Мыкты кызматкердин каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришип,терең кайгыруу менен көңүл айтышты.
Булак: NazarNews.kg