www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Март айында 34 миллион 963 миң сом медициналык кызматкерлерге төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов билдирди.

Атакуловдун айтымында, аталган каражат 6 миң 36 медициналык кызматкерге төлөнүп берилген.

"Компенсациялык төлөмдөр карантиндик-казармалык абалда иштеген медициналык кызматкерлер 1 күн иштегенине 2 миң 300 сом, орто медициналык кызматкерлердики 2 миң, кенже медициналык кызматкерлердики 1 миң 800 сомдү түздү. Ошондой эле алар жумуштан кийин обсервацияга жатат анда күнүнө 900 сом төлөнөт.

Ал эми келип-кетип иштеген медициналык кызматкерлерге төлөмдөр саатына эсептелди. 1 саат иштеген мөөнөтүнө дарыгерлерге 100 сом, орто медициналык кызматкерлерге 90 сом, кенже мед.кызматкерлерге 80 сом кошулду.

"Тез жардам" кызматында иштеген кызматкерлер ар бир ташылган бейтап үчүн алышат. Дарыгерлер 600 сом, орто мед.кызматкерлер 500 сом, кенже медициналык кызматкерлер 400 сом", - деп билдирди Атакулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости