www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда экс-башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган агасы Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот жараяны уланууда.  

Айыпталуучунун жактоочусу Эрмек Осмонкулов өзүнүн кардарына карата мунапыс колдонулушун суранды. Адвокаттын айтымында, "Абактан качуу" беренеси тергөө тарабынан туура эмес колдонулган.  

Мындан тышкары, адвокат сот адамдардын тобу тарабынан алдын-ала пландоо боюнча адам өлтүрүү деген айыпты кайрадан квалификациялашы керек деди. Коргоочунун айтымына караганда, кылмышты Эрмек Осмонкулов жалгыз жасаган.

Эске салсак, Улан Салянов 2017-жылы 5-ноябрда өз үйүндө өлтүрүлгөн. Кылмышкерлер үйдөн эч нерсе алышкан эмес. Кылмыштан кийин шектүүлөр качып кетүүгө аракет кылышкан. Башкы шектүү 2017-жылдын декабрь айынын аягында кармалып, бир нече жолу соттолгону белгилүү болгон. Киши өлтүрүүнү уюштурган шектүү борборго 2019-жылдын май айында жеткирилген. Ал Москвада жашынып жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости