www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Аида Саляновага козголгон иш боюнча сот отуруму бүгүн Ленин райондук сотто болмок. Ал 16-июнга жылды. Ага адвокаттын келбей калганы себеп болду. “Негизи мындай иш адвокатсыз каралбайт. Анын Ысык-Көлдө процесси бар экен. Адвокаттын өтүнүчүнө сот макул болду”,-дейт депутат.
Эскерте кетсек, 2010-жылы Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Бул тагылган айыпты депутат четке кагып, “негизсиз каралоо жана саясий куугунтук” деп эсептейт.
Булак: NazarNews.kg