www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечеги күнү эле саат 15:00 дө 1- Май райондук соту Аида Салянованын ишин Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү боюнча чечим чыгарды эле. Ал эми бүгүн, мындайча айтканда иш келип түшөөрү менен Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков Салянова боюнча соттук процессти 9- июнга коё салыптыр.

Ленин райондук сотунун судьясы К. Касымбеков юридикалык илимдердин вундеркинди болсо да эмне болуптур? Ал биринчи Аида Салянованын иши боюнча топтолгон 7 томдук материалдын чоо- жайы менен таанышып, бир сыйра окуп чыгып, анализдеп, анан соттук отурумдун датасын койсо болбойбу? Же эмне бир түндө түмөн түйшүккө түшүп, иштин материалдары менен тааныша коюп, бардык документтерди тактап туруп, эми балкасы менен үстөлдү "так" эткире бир коюп, чечимин чыгарганга дапдаяр болуп калдыбы?

Минте берсе соттордун ичинен чыккан өтө "скоросту" ылдам Усейн Болт деген атак-даңкка жетишип, тарыхта калат го бул Касымбеков деген мырза!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости