Бишкектин 1-Май райондук сотунда 5-февраль күнү мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси-Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук процесс улантылды.
Буга чейин айыпталуучулардын бири-Эрмек Осмонкулов өзүнүн адвокатынан баш тарткан. Адвокатка айыпталуучу ишенбестик көрсөткөндүктөн сот отуруму жылган эле.
Соттук отурумда Осмонкулов Саляновдун өлүмү тууралуу айтып берди. Алгач Осмонкулов көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. “Эмне үчүн?” деген суроого “Мени сабашып, ушундай көрсөтмө берүүгө мажбурлашты”,-деп жооп берди.
Прокурор кылмышка шектүүдөн куралды кайдан алгандыгын сураганда айыпталуучу Маке деген жигиттен алгандыгын айтып, экөө Көк-Жарга чогуу баргандыгын кабарлады.
Прокурордун 2017-жылы 6-ноябрдагы окуяны кененирээк айтып берүүсүн сураганда Осмонкулов: “Мен Маке жана анын досу жолугуп, Көк-Жарга бардык”,-деди.
Прокурордун Осмонкулов буга чейин пистолетти башка айыпталуучу-Асанэмир Абыкулов бергендигин айтканын эскерткенде Осмонкулов: “Мени угушпай эки күн сабашкандыктан, анын атын атап койгомун”,-деп билдирди.
Осмонкуловдун айтымында Маке аттуу жигит ага 3 миң доллар карыз болгон. “Ал мага чалып, Көк-Жарга барышымды айтты. Мен ал жакка бардым. Ошол жерде Макенин досу да бар экен. Маке Көк-Жарда жашаган бирөө карыз экендигин айтып, чогуу барып келели деди. Биз барып, ошол жерден чыр чыгып, колумда пистолет турган, бирөө талашып, байкоосуздан атып алдым”,-деп Осмонкулов окуяны сүрөттөп берди. Прокурордун “Эки жолубу”,-деген суроосуна Осмонкулов “Ооба”,-деп жооп берди.
Анын айтымында окуя болгондон кийин алар Аламедин 1ге кетишкен. Пистолетти ал колонияда бирге отурган кишиге берип койгон.
Эскерте кетсек, 2017-жылы 6-ноябрда Аламедин районунун Көк-Жар айылынын тургунуна кол салуу тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн. Түнкү саат 1:30дар чамасында Саляновдун үйүнө беткапчан адамдар кирген. Алдын-ала маалыматтар боюнча Саляновго эки жолу ок атылган. Ал эми кылмышкерлер окуя болгон жерден из жашырышкан. Жабырлануучу алган жараатынан улам аймактык ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калган. Кылмыш болгон мезгилде үйдө үйдүн кожоюну, анын жубайы жана 2000-жылы туулган уулу болгон.
Булак: NazarNews.kg