www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салмагың кандай саясатчы? Салкын кандуулук менен чечим кабыл ала билген жетекчи.
Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу NazarNews кыскача сүртүмдөрдөн берип турат. Бул жолку каарманыбыз – Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономикалык жана финансылык саясатын так түшүнгөн, оор басырыктуу жана терең анализге негизделген чечимдерди кабыл ала билген жетекчилердин бири десек жарашат.
Мамлекеттик кызматта көп жылдык тажрыйба топтогон Адылбек мырза кырдаалды ар дайым салкын кандуулук менен кабылдап, салмактуу саясат жүргүзүүгө умтулуп келет. Кандай гана татаал учур болбосун, абалды шашпай, дыкат таразалап, жүйөлүү чечимдерди сунуштайт. Бул сапаты аны кыйын кезеңде да ишенимдүү жетекчи катары көрсөтөт.
Финансы жана экономика тармагындагы терең билими, фискалдык саясаттын өзөгүн жакшы түшүнгөндүгү анын ишмердүүлүгүндө өзгөчө орун ээлейт. Ал жүргүзүп жаткан акылга сыярлык тең салмактуу бюджеттик саясат өлкөнүн макроэкономикалык туруктуулугун сактоого өбөлгө түзүүдө. Касымалиевдин башкаруусунда өлкөдө фискалдык тартипти чыңдоо, мамлекеттик чыгымдардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча да маанилүү кадамдар жасалууда.
Мындан тышкары, анын адамдык сапаттары — жоопкерчилик, жөнөкөйлүк жана командалык иштөө жөндөмү кесиптештеринин, коомчулуктун ишенимин жаратты. Бүгүнкү күндө ал өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жана реалдуу экономикалык өсүшкө жетелеген жетекчилердин катарында турат.