www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салмагың кандай саясатчы? Токторбаевдин көлөкөсүндө калган Жантаев.

Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев деген бар. Кыргызстандагы көрүнүктүү, экономикалык жактан алдыңкы облустардын бирин жетектептеп жатканына дээрлик эки жарым жылдан ашты. Тилекке каршы, эч үнү угулбайт. Бары-жогу билинбейт. Чээнге кирген из бар, чыккан из жок демекчи, кызматтын кызыгына батып алып, калганы эмне болсо ошол болсун деп жатып алдыбы, белгисиз. Айтор, күндүзү чырак менен издесең дайыны угулбай тургандай эле болду.

Арийне, борбордон үлкөндөр барганда жандай салып коштоп жүргөн учурда эле көрүнбөсө, башка мезгилде эмне иш аткарып жатканын эч ким деле билбейт. Жетекчи болсо эле дал ушул Жантаевдей болчудай, шырп эткен дабышы угулбаган. Буга караганда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев дароо жарк этип көзгө урунду. Күнү-түнү иш үстүндө болуп, элдин сүймөнчүгүнө айланды. Жантаевди болсо эстеген жан жок. 

Ушундан улам, бир кезде Сооронбай Жээнбеков Ош облусун башкарып турганда, ошол кездеги Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун көлөкөсүндө калып, эч ким эсепке албай калган эле. Дал ошондой тарых кайталанып жаткандай таасир калтырат. Көрсө, “эт эмес же чел эмес” арабөк абалдагы жетекчилер күн өткөнүнө ыраазы болуп, жарк эткен идеяларды демилге кылып иштегенден коркот тура.

Последние новости