www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө транспорттук көзөмөл тармагындагы коррупциялык схема аныкталды.

Маалыматка ылайык, айрым кызмат адамдары салмак-габариттик ченемдерди бузган оор жүк ташуучу унаалардын тоскоолдуксуз өтүшүнө акчалай сый акы үчүн шарт түзүп келишкен.

Текшерүүдө Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин айрым жетекчилери жана Чүй облусундагы транспорттук жана салмак-габариттик көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери мыйзам бузууларды каттабай, тиешелүү чараларды көрбөстөн, оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү үчүн системалуу түрдө 2 миңден 20 миң сомго чейин акча алып турушканы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.

Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости