www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-башкы прокурор Аида Салянова президент Садыр Жапаровдун айкөлдүгүн айтып, "шилекейин агызды".
Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды:
— Бир кезде, мен Башкы прокурор болуп иштеп турганда, өлкөнүн азыркы Президенти кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Жылдар өттү.
Менин оюмда бүгүн кайсы бир кызматка барсам дагы, президент Садыр Нургожоевич буга каршы болот деп ойлогом. Таң калтырганы анын эски таарынычтарды эстебей, мени колдогону болду.
Көптөр буга ишене алышпайт. Мен өзүм да көпкө чейин ишенген жокмун. Анткени мен өз позициямдан эч качан тайган эмесмин.
Өлкөнүн кызыкчылыктарын эски чыр-чатактардан жогору коё алган адамдын аракети катары, мен бул кадамды өзгөчө чын жүрөктөн кабыл алдым.
Бул чындап эле күчтүү шахматтык жүрүшкө окшош.
Саясий маданияттын жана мамлекеттик ой жүгүртүүнүн жаңы деңгээлин орноткон жүрүш.
Менин оюмча, бул, баарынан мурда, Президенттин өлкөнү өзгөрткүсү келип жатканынын, жаңы күн тартибин, жаңы баалуулуктарды калыптандырууга - бири-бирибизди угуу жана өлкөнүн келечеги үчүн баарыбызды бириктирүүгө болгон каалоосунун белгиси.
Мен бул ишенимди өлкө жана жаңы муун алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл алам, - деп белгиледи.