www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети кальян жайларынын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, кальян чегүүгө атайын лицензиясы бар жайларда гана уруксат берүү сунушталууда. Ошондой эле кальян кызматтарын көрсөтүү лицензиялануучу ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмесине киргизилип, мындай жайларга өзүнчө залдар, желдетүү системалары жана санитардык талаптар боюнча милдеттүү шарттар белгиленет.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын айтымында, мыйзам долбоору кальян жайларынын ишин мыйзамдаштырууга, санитардык жана коопсуздук талаптарын камсыздоого, ошондой эле көмүскө ишкердикти кыскартууга багытталган. Учурда Бишкекте барлар менен түнкү клубдарды эсепке албаганда кеминде 33 адистештирилген кальян жайы иштеп жатат.
Талкуу маалында депутаттар кальяндын коомдук жайларда колдонулушу, электрондук никотин жеткирүүчү каражаттарды сатуу жана никотин камтыган продукциялардын калктын ден соолугуна тийгизген таасири боюнча маселелерди көтөрүштү.
Мындан тышкары, комитет «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамдын 24-беренесинин колдонулушун 2040-жылдын 1-январына чейин токтотуп туруу тууралуу мыйзам долбоорун да биринчи окууда колдоду.
Мыйзам долбоорунун негиздемесине ылайык, кремация институтун киргизүүгө байланышкан уюштуруучулук, укуктук жана социалдык маселелерди кошумча изилдөө зарыл болгондуктан, аталган норманын күчүн убактылуу токтотуу сунушталууда.