www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык дегенде тастаңдап чыккан Дастанбек мырза

 Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Дастанбек Жумабеков. Анын айтымында, мыйзам долбоору республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды эффективдүү пайдаланууга, патент алуу үчүн эмгек чыгымдарын кыскартууга жана мүлктү мурастоо тартибинде өткөрүп берүү учурунда мураскорлордун укуктарын ишке ашырууга багытталган.

«Персоналдык жардамчы кызматы толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт, жеке жардамчыларды салык төлөөдөн бошотуу зарыл деп эсептейм. Ошентип, бюджеттик чыгымдарды үнөмдөсө болот. Бул мыйзам долбоорунун кийинки максаты 191-статьянын 6-бөлүгүнө «Киреше салыгы боюнча жеңилдиктерди киргизүү» болуп саналат. Кыймылсыз мүлктү бир жыл өткөнгө чейин сатууда мураскорлор кыймылсыз мүлккө киреше салыгын төлөөдөн бошотулушу сунушталууда», — деп белгиледи Дастанбек Жумабеков.

Андан сырткары, депутат Нуржигит Кадырбеков республика боюнча жалпысынан 211 миң 650 мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар экенин айтып: «Анын ичинен 37 миң 428 – жашы жете элек балдар. Ал эми алардын 9187си үзгүлтүксүз камкордукка муктаж», - деген Н.Кадырбеков мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости