www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматы 7 айда 135,7 млрд сом чогултту

Быйыл 7 айда Мамлекеттик салык кызматы 135,7 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалым болгондой, белгиленген план 1,2 миллиард сомго ашыкча аткарылган. Ал эми 2022-жылдын 7 айына салыштырмалуу 21,9 миллиард сомго көп.

Чогултулган акчанын 99 миллиард 167,8 миллион сому салык жана төлөмдөр, ал эми 36 млрд 560,8 миллион сому камсыздандыруу төгүмдөрү болуп саналат.

"Контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка инновациялык ыкмаларды киргизүү пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарууга оң таасирин тийгизүүдө", - деп билдирет Салык кызматы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости