www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Бухара облусундагы Каракөл районунда 28 жаштагы келин үч күндүк наристесин көчөгө таштап кеткен. Бул тууралуу райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 8-августта саат 01:30дарда түнкү нөөмөттө жүргөн укук коргоо кызматкерлери Райондук оорукананын имаратына жакын жерде баланын ыйлаган үнүн угушкан. Жакын барып жашыл түстөгү баштыкка салынган 3-5 күндүк ымыркайды көрүшкөн. Аны балдар ооруканасын жеткирип, ага медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ымыркай 2023-жылы 4-августта жеке үйдө медиктердин катышуусусуз төрөлгөнү аныкталган. 1995-жылкы апасы 7-августта аны баштыкка салып, көчөгө таштап кеткен.

Учурда да бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости