www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунда мөөнөтү өтүп кеткен жана эсепке алынбаган кондитердик азыктарды ташыган жүк ташуучу унаа аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган продукциянын бир бөлүгү белгиленген тартипте эсепке алынбаганы, ал эми товарлардын бир бөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткендиги белгилүү болду. Табылган продукциянын жалпы салмагы болжол менен 10 тоннаны түздү.
Бул факты боюнча чогултулган материалдар мындан ары сот тартибинде кароо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Соттун чечимине ылайык, мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун аймагында өрттөө жолу менен жок кылынды.
Салык кызматы эсепке алынбаган продукцияны, ошондой эле коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды сатууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.