www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарынын аймагында ар кандай аталыштагы жана маркадагы контрафакттык алкоголдук продукциялардын жана контрабандалык тамекилердин сатылышына бөгөт коюшту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Алсак, «Шоколад» базарынын аймагында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жергиликтүү алкоголдук өндүрүүчүлөрдүн (АЮ, Кыргыз конягы, Семетей ж.б.) кустардык өндүрүштөгү алкоголдук продукциясын сактоо, сатуу фактысы аныкталган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 600дөн ашык бөтөлкө алкоголдук продукция жана 266 таңгак тамеки тартып алынды. Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости