www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия газына чектөө киргизүүгө Австрия каршы

Австриянын канцлери Карл Нехаммер Орусиядан мунай жана газ сатыл алганга тыюу салууга каршы чыкты. Бул тууралуу ал Kronen Zeitung басылмасына берген маегинде билдирди.

Австриялык саясатчы өзүнүн позициясын немец кесиптеши Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдөн кийин ырастады. "Санкциялар кимге каршы жарыяланса, ошол тарапты гана алсыратышы керек. Ал эми аны жарыялагандар өздөрү жабыр тарта баштаса, анын мааниси жоголот", — деди Нехаммер.

Ошондой эле, ал өзүнүн негизги максаты — элге энергия булактарын кечиктирбей жана коопсуз жеткирүү экенин кошумчалады. Ошол эле учурда Австрия өкмөтүнүн башчысы Орусия газына болгон көз карандылыкты азайтуу зарылдыгын да билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости