www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматы жаңы расмий сайтын ишке киргизди

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жаңы расмий сайтын ишке киргизгенин маалымдайт. Бүгүнтөн баштап жаңыртылган санариптик платформа бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү.

«Жаңы https://sti.gov.kg/ сайты жарандар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле салыктык маалыматтарды алуу жана салыктык милдеттенмелерди аткаруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Жаңыланган платформа жөнөкөйлөштүрүлгөн түзүмү, заманбап дизайны жана ыңгайлуу багыты менен айырмаланат. Сайттан ашыкча жана кайталанган бөлүмдөр алынып салынды, бул керектүү маалыматтарды тезирээк табууга мүмкүндүк берет.

Негизги мүмкүнчүлүктөрү:

AiSalyk виртуалдык консультанты — жасалма интеллект технологияларын колдонгон чат-бот. Ал салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берет;

бюджет менен эсептешүүлөрдү текшерүү — эсептешүүлөрдүн абалы тууралуу маалыматты авторизациядан өтпөстөн эле сайттын башкы бетинен алууга болот;

электрондук ресурстарга тез жетүү — сайтта мамлекеттик маалыматтык ресурстарга, «Салык төлөөчүнүн кабинетине» жана башка сервистерге түз шилтемелер жайгаштырылган.

Учурда Салык кызматынын адистери колдонуучулардын керектөөлөрүн эске алуу менен платформаны мындан ары өркүндөтүү жана оптималдаштыруу боюнча иштерди улантууда.

Последние новости