www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баңгизатты мыйзамсыз сатып алуу жана сактоо, ошондой эле жакын туугандарынын өмүрүнө кол салууга шектелип, 1970-жылы туулган И.Д.Д. аттуу КР жараны калмалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган адам оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча (бейбаштык, тоноо, зордуктоо), анын ичинде адам өлтүрүү үчүн алтыдан ашык жолу соттолгон. Жалпысынан 35 жылдан ашуун убакыт абактарда жазасын өтөгөн. Эркиндикке чыккандан кийин дагы, И.Д.Д. баңгизаттын таасири астында жакын туугандарын бир нече жолу «өлтүрөм» жана «зыян келтирем» деп, аларды узак убакыт бою коркутуп келген.
Кармалган адамдын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө көп өлчөмдө баңгизат табылган. Ошондой эле, медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында анын организминде баңгизат бар экени аныкталган.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.