www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө жүк ташуучу унаадан эсепке алынбаган продукция аныкталды.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу транспорт каражатынын пломбасы алынгандан кийин текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда товарлардын иш жүзүндөгү саны товардык коштомо жана эсепке алуу документтериндеги маалыматтар менен салыштырылган.

Натыйжада айнек буюмдары жана ашкана идиштери салынган, документтерде көрсөтүлбөгөн 280 куту аныкталган. Кайра саноонун жыйынтыгында документтерде көрсөтүлбөгөн жалпы 8 миң 720 даана жана комплект продукция бар экени белгилүү болгон.

Аныкталган продукциянын наркы мындан аркы контролдук иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, чогултулган материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Последние новости