www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда рак илдетине чалдыккан балдардын 40 пайызы ак кан (лейкоз) менен жабыркайт. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков билдирди.

Анын айтымында, балдар арасындагы онкологиялык оорулардын 15 пайызын мээ рагы, дагы 15 пайызын залалдуу без оорулары түзөт.

Аймактар боюнча ракка чалдыккан балдардын саны Нарын облусунда жогору. Ал жерде 100 миң балага 10–12 залалдуу шишик оорусу туура келет.

Дарыгердин маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына 500дөн ашык балада ар кандай шишик оорулары аныкталат. Алардын ичинен 200гө жакыны рак диагнозу менен катталат.

Адис бул көрсөткүчтүн өсүшүн ооруну аныктоо жана медициналык көзөмөл системасынын жакшырганы менен да байланыштырды.

Последние новости