www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23-сентябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Болгариянын тышкы иштер министри Велислава Петрова-Чамова менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду активдештирүү жана жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялардын кезектеги раундун өткөрүү, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстан менен Болгариянын Европа Биримдигинин алкагындагы өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашуу болду.

Жээнбек Кулубаев Велислава Петрова-Чамованы Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө, ошондой эле 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Тараптар кыргыз-болгар мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана ар кандай деңгээлдерде үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Последние новости