www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз саясатында тилинен чаң чыккан, саясатта көптөн бери алектенген бирөө бар. Ал бир канча жылдан бери президенттик такты көздөп, жеңбесин билсе деле, президенттик да, парламенттик да шайлоону кыя өтө албайт.

Алсак, 2010-жылы октябрда парламенттик шайлоодо, 2011-жылы октябрда президенттик шайлоодо, 2015-жылы октябрда парламенттик шайлоодо, 2017-жылы октябрда президенттик шайлоодо жеңилүүгө дуушар болгон, 2020-жылы октябрда жеңгени менен, парламентке келе алган жок. 2021-жылы президенттик шайлоодо да экинчи орунду алды. Парламентке  партиям менен жетип каламбы деп шайлоо болгон сайын катышат.

Бирок, ага кекенгендердин көбүнөнбү эмнегедир ага ийгилик жылмайбай жүрдү. Аргасы кеткенде элдин тынчтыгы үчүн шайлоону тааныдым деп тим болчу. Башында оппозиция болуп, катуу сындаганы менен бийлик кандайдыр бир кызмат берсе, чырдап жаткан жеринен токтой калып, кызматташканын да койбойт. Ал өзүн принципиалдуу, көрөгөч саясатчымын дегени менен ага ичи жылыбагандар толтура.

Адахам Мадумаров журналистиканын «желеткасынан» желпинип чыккандардын бири. Акаевдик экономикалык кыйынчылыктар башка түшүп жаткан заманда «Элим үчүн арабага чегилген ат болом» деп, мажоритардык шайлоо системасы боюнча округдардан, канчалык бут тосулса да парламентке депутат болуп келе турган.

Үзөңгү-Кууш Кытайга өтүп кетерде мыйзам чыгаруучу жыйында депутаттар тобу менен Акаевдик бийликке каршы чыгып, бирок алдары жетпей калган. Акаев бийликтен кеткен соң Ак үйдөгү вице-премьер министр, мамлекеттик секретарь, Жогорку Кеңештин төрагасы, Коопсуздук Кеңешинин төрагасы сыяктуу даамдуу кызматтарды аркалап жүрдү. “Жетинин бири-Кыдыр” деген кеп бар, Адахам Мадумаров парламентке шайлоого катышып жетинчи ирет бийликти штурмалап жеңишке жетти:

Биринчи ирет, 2010-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын түптөп, парламенттик шайлоого аттанып, бир-аз добушу менен шайлоодон өтпөй калат. 2010 -жылы октябрдагы парламенттик шайлоого болгон чабуулун Атамбаевдик күчтөр жокко чыгарышып, парламенттик шайлоого өтсө да добушун жеткизбей коюшкан деген сөз тараган.

Экинчи ирет, 2011- жылы октябрдагы президенттик шайлоого болгон чабуулу экинчи орун менен аяктаган. Бул шайлоодо Камчыбек Ташиев менен бирикпей тэлекторатын экиге бөлүп добушка жетпей калган.

Үчүнчү ирет, 2015- жылы октябрдагы Аскар Салымбековду «Эмгеги» менен минип алып, парламенттик шайлоого болгон чабуулун Атамбаевдик күчтөр жокко чыгарышып, парламенттик шайлоого өтсө да добушун жеткизбей коюшкан.

Төртүнчү ирет, 2017- жылы октябрдагы президенттик шайлоого болгон чабуулу да ийгиликсиз аяктаган. 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабановдон соң үчүнчү орунду алып бир аз артка кетенчиктеген.

Бешинчи ирет, 2020-жылы октябрдагы парламенттик шайлоодо Өмүрбек Суваналиевди бурап коюп, жеңишке жеткен, бирок парламенттик шайлоого өтпөй калгандардын Ак үйдү басып алуусу менен, бул парламенттик шайлоо жокко чыгарылды. Өмүрбек Суваналиев болсо кол булгалап губернатор болуп кеткен эле. Бирок, губернатор болуп туруп, жогорку бийликтен уруксаты жок, өзүм билемдикке салып, Тажикстандын аймагына үч күн жоголуп кеткен. Анын ал жакта эмне кылып жүргөнүн ким билет. Ошондон соң көп өтпөй 2021-жылдын апрелинин аягында майдын башында чек арада кандуу чырлар болуп оор кесепеттерге алып келгени үчүн Өмүрбек Суваналиевди кызматтан алышкан.

Алтынчы ирет, 2021- жылдын 10-январында президенттик шайлоого аттанып, бул да ийгиликсиз аяктады. Адахам Мадумаров өз кызыкчылыгы үчүн эч нерседен баш тартпайт, бийликке, мансапка жетиш үчүн кара жанын карч уратдешет. Көп саясатчылар аны сыйлагандай таасир калтырышканы менен анын президент болушун бири да каалабайт. Кээ бирөө Адахам Мадумаров оппозициялык фракцияга барса, ордун табат. Сыны менен бийликти жакшы иштешине салым кошот дешет. Саясатчылар арасында ал ачуу сыны менен мыкты оппозиция гана боло алат деп айтышат.

Жетинчи ирет, жаңы Конституция кабыл алынып, 2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоо болду. Бул шайлоого Адахам Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышып, өзү эң көп добуш топтоду.  

Венесуэланын президенти Николас Мадуро бир күнү шаардык автобустун айдоочусу ишине кайтып баруу ниетин билдирди: "Мен бир күнү президенттик кызматтан кеткенден кийин автобазаларга башымды бийик көтөрүп, формачан кайтып келип, көчөгө автобус айдап чыгып, кызмат өтөйм деп үмүттөнөм", - деген ал транспорт кызматкерлери менен жолугушуу учурунда.

Николас Мадуро орто билимин өз курагындагылардан кеч алган. Ал иш таштоону уюштурганы үчүн мектептен чыгарылган. Өспүрүм кезинде ал солчул уюмдардын активистине айланган, кийинчерээк, автобус айдоочусу жана Каракас метросунун жумушчулар профсоюзунун мүчөсү болгон.

Мадуро 1990-жылдын башында ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин болочок президент жана социалисттик лидер Уго Чавес менен жакын болуп, анын партиясына кошулуп, 1998-жылы республиканын конгрессине шайланган. 2005-жылы Улуттук Ассамблеянын төрагасы, 2006-жылы Уго Чавестин өкмөтүндө тышкы иштер министри болгон. 2012-жылы мурдагы президент Уго Чавес көз жумардан бир нече ай мурда жарандарга алдыдагы президенттик шайлоодо Мадуронун талапкерлигин колдоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Николас Мадуро Венесуэланын президенти болуп 2013-жылдын апрелинде шайланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости