www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Илон Масктын Space X компаниясын анын спутниктери жерге жакын орбитадагы кытай космикалык станциясынын коопсуздугуна коркунуч жаратууда деп айыптады.
БУУнун Башкы катчысына жолдонгон нотада Бээжин станцияга жакын жерде иретсиз кыймыл-аракеттерди жасаган Starlink спутниктери менен кагылышуудан качуу үчүн кытай космостук станциясы эки жолу – июлда жана октябрда маневр жасаганын билдирди. Кытай 1967-жылы кол коюлган космос жөнүндөгү келишимге ылайык, мамлекет өз аймагында жайгашкан космостогу мамлекеттик жана жеке компаниялардын аракеттерине жооптуу экенин эскертет.
Ушул тапта орбитада 1800дей Starlink спутниктери бар, алар жыйырмадай өлкөнү ылдам интернет менен камсыздашат. Ал 12 миң спутник учуруу үчүн АКШ бийлигинен уруксат алган. Илон Масктын айтымында, Жердин кайсы гана аймагынан болбосун интернетке чыгууну камсыздоо планын ишке ашыруу үчүн 30 миң спутник керек.
SpaceX Кытайдын дооматына комментарий берген жок.
Булак: NazarNews.kg