www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самаев “зам” эмес, “сам” болгусу келеби?

Токмок шаарында мэр болуп турганда коррупцияга айыпталып, камакка алынып, кийин 20 миллион сом айып төлөдү деп бошотулуп, Жалал-Абад облусунун жетекчисинин социалдык тармагын тейлеген орун басары болуп кеткен Урмат Самаев деген бар. 

“Элек издеп эрге тийип кетиптир” деген кыргыздын макалындай, андан бери ың-жыңы билинген жок. Баягы Токмокто күпүлдөп тургандай Самаевден үнү угулбай, кумга сиңген суудай дымыды.

Арийне, эми болсо Чүйгө губернатор болот элем деген дымагы тууралуу сөздөр жорто баштады. Сыягы, “зам” эмес, “сам” болом деген амбициясы ойгонуп, түн уйкусу бузулган көрүнөт. 

Негизи орун басардын ою жаман болуп, “сам” болом дегендердин аягы жакшы болчу эмес эле. Деги “мурдуна карап бышкырып, төшөгүнө карап бут сунуп” жатат болду бекен?

Последние новости