www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын жана тиешелүү Жобонун негизинде Ала-Бука району райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин тескемеси менен Дооранбек уулу Мунарбек аппарат жетекчиси болуп дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчини аппарат кызматкерлерине райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Темирболот Абыкеев тааныштырып, районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү багытында талыкпай иш алып баруу керектигин белгилеп, ийгилик каалады.
Дооранбек уулу Мунарбек 1985-жылдын 18-ноябрында Ала-Бука айылында төрөлгөн. Ал 2003–2008-жылдары Ош мамлекеттик университетинде финансы жана кредит адистиги боюнча билим алып, экономист квалификациясына ээ болгон.
Эмгек жолунда ар кандай мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеп келген:
— 2013–2014-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ала-Бука райондук бөлүмүндө башкы адис;
— 2014–2017-жылдары Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясында башкы адис;
— 2017–2019-жылдары Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы жана райондук өкүлчүлүктүн аппаратында бөлүм башчы;
— 2023–2024-жылдары уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында башкы адис;
— 2024–2025-жылдары “Чанач-Сай” муниципалдык ишканасынын башчысы;
— 2026-жылдан тарта өнөр жай, курулуш жана өндүрүштүк инфраструктура боюнча башкы адис болуп иштеп келген.