www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын алып, коомчулукту чууга салган Самара Каримованын наамы кайра кайтарылып алынчудай болуп калган эле. Негедир тынчып калышты.
Маданият министрлиги «Самарага наам берүү боюнча бизде сунуштама тургай маалыматыбыз да жок болчу, кантип алганын билбейбиз» - деп чыгышкан эле. Укмушуң кургурдуку десе, Икрам алып берди дегени чын окшойт эй. Мыйзамсыз берилген наам кайтарылып алынышы керек го. Мыйзамсыз берилген наамдар артка кайтарылбаса, наамдын баркы кетет.
Кечээ, Сооронбай Жээнбеков айтып жаткан коррупция дал ушул маданият тармагында тамырлашып кеткен. Учурда Каримова Эмгек сиңирген деген наамына таянып алып, Ошто өзү катышкан спектаклдердин баасын асмандатып коюп жатыптыр. Султан Жумагулов ушул маселеге көңүл бурса болот эле, деп жазат Ачык саясат гезити.
Чындыгында Самара Каримова Орто Азияга эмес, Ош шаарына араң аты таанылса, бир спектаклинин баасы 700 сомго баалаганы социалдык тармактарда чуу жараткан. Анчалык билеттин баасы асманды чапчып турганына караганда Самара Каримова өзү учуп жүрүп роль аткарат го чиркин. Көрүш керек экен. Албетте Асан мырзанын сүйүктүүсү Самара айымдын алган “наамына” азыркы маданият министри Султан Жумагуловдун кыпындай күнөөсү жок. Ал тургай мурдагы министр дагы "Самашканын наамын билбейм" дебеди беле? Албетте үнүнө кеп жок дейли, тилекке каршы бир өзү жазган ыры же сөзү жок, кайдан Эмгек сиңирип калды таң калычтуу. Ырлардын сөздөрүн бузуп ырдайт. Алсак, сөзү, А.Өмүркановго, обону Э.Талиповго таандык "Сагынганда атамды" деген ырында, "көздөрүнү өпкүм келет эркелеп" деп созолонтуп жатат, "көздөрүңдүбү же көздөрүнүбү"...?
Урматтуу Сооронбай Шарипович, “мыйзамсыз берилген наамдарды” чийип-чийип салсаңыз жакшы болот беле?
Булак: NazarNews.kg