www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Самара Каримова өзүнүн Инстаграм баракчасынан кыздарга 40 кеңешин берди.

1.Алгач өзүңдү сүй.
2.Жашоодо көрө албастар көп кезигет, өзүңдү колго ал да, алардан ары басып кет.
3.Буюм сени бактылуу кылбайт.
4.Бирөөнү сөз кылып, сындаба. Бирок ар дайым сени бирөө сөз кыларына даяр бол.
5.Көйгөй – бул жашоонун аягы эмес.
6.Өзүңдү өзгөлөр менен салыштырба. Анткени эч ким сендей боло албайт.
7.Бирөөнү канчалык катуу жакшы көрсөң да, өзүңдү жоготпоого аракет кыл.
8. Сүйлө. Сени угуучуларды тап жана өзүң чечим чыгара бил.
9.“Жок” деп айтууну үйрөн жана аны колдонуудан коркпо.
10.Эгер өмүр тарыхыңды жазуу керек болсо, болушунча барактарды бактылуулукка чулганган күндөр менен толтур.
11.Эч качан эч бир эркектин артынан чуркаба. Ал сени өзү издеп тапканы жакшы.
12.Дарегиңе айтылган комплименттерди кабыл ала бил жана аларга ишен.
13.Калп айтпа.
14.Өз аракетиң менен бактылуу бол жана жалгыздыктан коркпо.
15.Эч качан өзүң туюп жаткан сезимди айтуудан жалтанба.
16.Колуңа эмне тийсе, оку. Билим – бул күч.
17.Сен кимдир бирөөнүн менчиктеп алган буюму эмессиң.
18.Ийгиликсиздиктен коркпо. Ал сени ийгиликти багындырууга үйрөтөт.
19.Ар дайым өзүңө өзүң тирек бол. Өзүңө гана ишен.
20.Бирөөгө жардам бер, бирок милдет кылба.
21.Ыраазычылык билдирүүнү адат кыл.
22.Өз интуицияңа ишен.
23.Сылык бол.
24.Сенин кыймыл-аракетиң сенин ким экендигиңди көрсөтөт.
25.Баардык нерседен сулуулук таба бил.
26.Сени сүйгөн адамдар менен байланышты үзбө.
27.Башыңды бийик көтөрүп жүр.
28.Керек гана учурда ыйла жана андан өзүңө керектүү күч топто.
29.Күлкү – көңүл дабасы, дайым күлүп жүр.
30.Бийик музыка жагабы? Анда музыка ук, бийле, ырда.
31.Сөз пайдубал түптөгөнү менен аны урата да алат.
32.Кечирим суроо бул алсыздык эмес.
33.Билем кээде мени жаман көрөсүң. Бирок мен сени ар дайым жакшы көрөм.
34.Эмнени каалап жатсаң, мага дайым айта аласың. Мен ар дайым сенин жаныңдамын.
35.Ар дайым эсиңде болсун, мен сени кандай учур болбосун баары бир жакшы көрөм.
36.Билип жүр, сен өзүң ойлогондон да көп нерсеге шыктуусуң.
37.Сен аябай татынакайсың, муну унутпа.
38.Дайым сени колдоого даярмын.
39.Мен сенин баардык катачылыктарыңды кечирүүгө даярмын.
40.Намысыңды бек сакта.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости