www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таңшы комуз

Кайрыгың күңгүрөнөт күйүт козгоп,

Каңтарат кылымдарды дүбүрт коштоп.

Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков.

Комузчуларды күүнүн сырын билгендер, чертилген күү аркылуу сөз кадырын, элестүү чагылдырып элге жеткиргендер деп коюшат эмеспи. Нагыз комузчуда чыдамкайлык менен өжөрлүк болмоюн ийгиликти багындыруу кыйынга турат окшобойбу. Дал ушул экөө бул өнөрпозго керектүү  курал. СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык коомунун “Алтын” медалы, Американын Түндүк Каролина штатынын ардактуу атуулу, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, профессор, кыргызымдын нукура таланттуу кызы Самара Токтакунова менен  баарлашканым мен үчүн чоң сыймык болду.

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунова.

- Көөнөрбөс байлыгыбыздын бири фольклор эмеспи. Ошол руханий байлыктын бөксөсүн толтуруп турган залкарларыбыздын сап башында кыргыздын классиги аталган, черткен күүлөрү менен дүйнөгө таанылган комузчу катары айта кетсеңиз,  сиз баскан жолду кесипке байланган өмүр деп атасак аша чаппастырбыз...

- Туура. Менин өмүр жолум музыкага байланыштуу болуп калды өңдөнөт. 2-3-класста окусам керек, айылда кырмандын жанында радио илинип турчу. Мыскал Өмүрканованын “Бал жакшы” ырынын обонун таап кыңылдап ырдап олтурсам, апам Жумабүбү “шумдугуң кургур, бул кызда бирдеме бар окшойт” деп атама айтып калды. Ата-энем кызынын белгилүү комузчу болушун каалашчу.

Апам мени Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга алып келип тапшырткан. Атам: “Карамолдо Орозовдун “Сынган бугусун” үйрөнсөң арманым жок өтөөр элем”, - деп айтчу. Үч күндүн ичинде үйрөнүп барып чертсем, атам: “Садага болоюн кызым, сен нан таап жегенге жарап калган турбайсыңбы, эми өлсөм ыраазымын”, - деп сакалынан ылдый аккан жашы азыр деле көз алдымда турат.

- Эки таланттуу үй-бүлө курса кыйынчылыгы көп болдубу же турмушта жеңил болот бекен?

-Биздин турмушубузда, бирге түтүн булаткан күндөн бери 25 жылдын ичинде казак-аяк кагышуу эмне экенин түшүнбөй, билбей жашоо сүрүппүз. Албетте, жашоонун кыйынчылыгын чогуу жеңип, барга көөп, жокко чөгүп кетпеген үй-бүлөдөн болдук. Чалагыз: “Байбичем, сен менин жашоомо кут алып келген касиеттүү, акжолтой жубай болдуң, мен сенин жашоого олуттуу караган токтоолугуңду жактырдым. Сенин талантың сөз менен жеткире алгыс ажайып бир таберик, менин талантымды кошуп сага эле бердим. СССРдин эл артисти деген наамга жеткиришиң керек дечү”, - дечү.

Айрыкча, өзүңөргө белгилүү болгондой, биздин сферада үй-бүлөсүн сактап калгандар чанда гана.  Колумду муздак сууга салдырбай, керек болсо оокат дагы кылдырбай, ушул комуздун бетин тырмалай бер деп, бүт дитимди чыгармачылыкка жумшаттырып койгон агайыңар эле. Кыргыз элине таанымал Аслан, Актан аттуу уулдарыбыз бар. Эгерде кыргыз тарыхында биринчилерден болуп “Камбаркан” фольклордук топту түзгөн Чалагыз Исабаевге турмушка чыкпаганымда, ушул даражага, ийгиликке жетет белем, ким билет?! Аны айтуу азыр кыйын...

- Уста чабат өрүк моюн комузду, өзү эле күүгө келет добушу деген ыр саптарындагыдай, комуз сиз үчүн...

- Комуз мен үчүн Жараткандан берилген энчи. Комуз демим  болсо, анын үч кылы кан тамырым менен кошо жүрүп олтурган кан-жаным десем болот. Токтогул Сатылганов, Ыбрай Туманов, Карамолдо Орозов, Муратаалы Күреңкеев, Атай Огонбаев, Болуш Мадазимов, Шекербек Шеркулов өңдүү залкарлардын күүлөрү мени дүйнөгө таанытты. 1972-жылы Өзгөн районунан Юкос айылынан Нуралы деген жыгач уста комузду чаап алып келген. Дагы бир комузун Чыңгыз Айтматовго белекке бериптир. Чын дили менен чаап келген экен, азыркы күнгө чейин комузумду колумдан түшүрбөй келем. Арбагы ыраазы болсун.

- Кайсы залкарлар менен туз насип болуп калды?

- Айыл башчыбыз артисттер келсе эле, Токтакундун үйүнө коноктогула дей берчү экен. Ошондо Болуш Мадазимов, Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Мыскал Өмүрканова, Ысмайыл Борончиев жана театр артисттерин айнектен шыкаалап көрүп өзүмчө бактылуу болот элем. Ал эми Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин эл артисти, атактуу маэстро Асанкан Жумакматов: “Болсоңор Самарадай болгула, өз ишине так, эч убакта кечигип келгенин көргөн эмесмин” деп баасын берген. Устатым Асанбек Асакеев билимимди жогорулатуу үчүн, Ташкенттеги консерваторияга тапшырууму каалаган эле...

- Ар бир жанда бир арман бар дейт...

- Менин бул жашоодогу арманым өмүрлүк жолдошум Чалагыз агайыңардан эрте айрылганым болду. Каза болгонуна такыр ишенген жокмун. Кырсыктаганда бейтапканадан айылга алып кетишип, мага бардыгы сонун деп айтышкан. Барсам боз үй тигилип, көшөгүнүн ичинде кайненем "кара көзүм кашайды" деп ыйлап отуруптур. Эч нерседен шегим жок эле көшөгөнү тартып жиберсем, жолдошум жатат. Мага мемиреп уктап жаткандай сезилди, "эмне болду ай, тур" десем унчукпайт. Жуурканын ачсам ичин зым менен бекитип коюшуптур. Ошо менен эмне болгонун билбейм, көзүмдү ачсам бетиме суу сээп жатышыптыр. Мен үчүн асман жерге түшүп кеткендей болду. Дагы бир таң калганым — сүйлөп жаткан комузум беш ай күүгө келбей аза күттү. Бир жыл үйдөн чыккан жокмун. Филармониянын жамаатына да ыраазымын, бирөө да унчуккан жок.

- Азыр айтып олтурсаңыз, Чалагыз агай чыгармачылыгына чыккынчылык кылбаптыр да. Бирок жашоо улана берет демекчи. Анын атын өчүрбөй турган артында сиздер турасыздар...

-Чалагыз тирүү кезде көп иштерди жасадык. Биз залкар гана күүлөрдү үйрөнгөнгө аракет жасачубуз. Күүлөрдүн дискттерин, эки жарым сааттык телефильм, жолдошум менен үч жыл отуруп китеп чыгардык. Өзүмдүн атымдагы комуз мектебин ачсамбы деп ойлоп жүрдүм эле.

Каражаттын айынан ишке ашпай жатат. Көзүмдүн тирүүсүндө ачып койсом, башкалар уланта бермек. Ушул кыялымды ишке ашырып алсам арманым жок эле. Филармонияда эмгектениме 59 жылдын жүзү болуптур. Эми ишимди жыйынтыктап эс алайын деп жатам. Кээде улуу муунду сагындырып чыгып турсак ошол бизге жетиштүү го деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости