www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Ооганстанга жардам көрсөтүү үчүн өзүнүн логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоого даяр. Бул тууралуу өлкө президенти Эмомали Рахмон 4-ноябрда чет өлкөлүк элчилерге ишеним грамоталарын тапшыруу учурунда билдирди.

"Дүйнө коомчулугунун тынчсыздануусуна айланган Ооганстандагы саясий, аскердик, экономикалык жана социалдык каатчылык аймактагы чыңалуунун себеби болууда. Тажикстан жакын коңшусуна эл аралык жардам көрсөтүү үчүн өзүнүн кеңири логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоого даяр", - деди Рахмон.

Тажик президенти Ооганстандын аймагы дале болсо заманбап коркунучтар менен чакырыктардын булагы бойдон калып жатканын белгилеп, Тажикстан аларга жигердүү каршылык көрсөтүп жатканын билдирди. Мындан тышкары ал Душанбенин терроризм менен экстремизмге, мыйзамсыз маңзат соодасына каршы көрүп жаткан чаралары тууралуу да айтты.

Буга чейин президент Эмомали Рахмон Ооганстандагы тажиктердин укуктарын эске албай жатканы жана башка аракеттери үчүн талибдерди бир нече жолу сынга алган. Өз кезегинде "Талибан" радикал кыймылы Душанбени өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырып, анын "кесепеттери болорун" эскерткен. Кийинчерээк талибдер Тажикстан менен мамилени жөнгө салууга жана ортодогу пикир келишпестиктерди саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө даяр экенин билдирген.

АКШ Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кете турганын жарыялагандан кийин "Талибан" өкмөттүк күчтөргө чабуулун күчөтүп, 15-августта баш калаа Кабул шаарын өз көзөмөлүнө алган. Ошол эле күнү Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен. Сентябрда "Талибан" түзгөн өкмөттү дүйнөдөгү бир да өлкө тааный элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости